«Ак-Ордо-3» конушундагы кырсык. Дагы бир аял каза болду

«Ак-Ордо-3» конушундагы кырсык. Дагы бир аял каза болду

«Ак-Ордо-3» конушунда жүргүнчү ташыган кичи автобус менен оор жүк ташыган унаа катышкан жол кырсыктан түндө дагы бир жаран каза болду. Бул тууралуу аталган конуштун  квартал башчысы Мирбек Осмонов бүгүн, 24-июлда Фейсбук баракчасына жазды.

«Түндө дагы бир эже каза болду, ал оор абалда жаткан эле, анын өмүрүн эч сактай алган жок. Каза болгон адамдардын жакындарына терең кайрылуу менен көңүл айтабыз. Жашоочулар ооруп жаткан адамдарга акча чогултуп баштаган, жалпы 205 миң сом чогулуп, ден соолугунан жабыркап жаткандарга бөлүнүп берилди. Ошондой эле каза болгон адамдардын жакындарына дагы чогулган акчадан бөлүнөт. Элмирбек Иманалиев көчөсүндө аялдама жок, бизге кызыл китептен мурун аялдама керек болуп жатат», — деп жазат квартал башчы.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 жаңы конушунда жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөрү менен бараткан №169 кичи автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен 35-40 жаштардагы аял каза болуп, 23 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>