Трамп Түштүк Кореядан келген товарларга импорттук тарифтерди 25%га чейин жогорулатты2025-жылы Кыргызстан менен Азербайжандын товар жүгүртүүсү 10 млн долларга жеттиЕЭК ЕАЭБдин климаттык күн тартиби боюнча семинар өткөрдүКыргызстандык окуучулар Сочидеги биологиялык лагерге катышыштыТоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөтТакси кызматынын баасы 800 сомго чейин кымбатташы мүмкүн — Дастан Бекешев
Быйыл 6 айда Кыргызстан эки өлкөгө 1,9 млн кг балык экспорттоду
08.08.2023 | 09:05
Быйыл жарым жылда Кыргызстан Казакстан менен Орусияга 1 млн 901 миң 870 кг балык экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал былтыркы жылдын 6 айына караганда 1 млн 637 миң 898 кг балыкка көп.
Белгилүү болгондой, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Чүйдүн Ысык-Ата жана Чүй райондоруна иш сапары менен барып балык чарбасы, балыкты кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышкан.
Министр азыркы тапта балыкты Кытайга экспорттоо аракеттери көрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.
Министрлик билдиргендей, адистердин пикири боюнча Кыргызстанда балык өстүрүү тармагы тез өнүгүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз