Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат

Эртен, 8-августта саат 09.00дөн 14.00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттерине «Көк-Жар», Мавлянов көчөсүнөн  «Көк-Жар» 18-үйүнө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, 11-кичи райондогу диаметри 500 мм болгон суутүтүктө болгон иштерге байланыштуу. Ошого байланыштуу  Мавлянов көчөсүнөн тартып  «Көк-Жар» кичи районундагы  №18чейин үйгө чейин ичүүчү суу токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

Анкара көчөсүнөн түштүккө карай 7-апрель көчөсүнө чейин, Улан -2 кичирайону, Суванбердиев көчөсү, Кара-Дарыя көчөсүнөн Достук көчөсүнө чейин, Кара-Дарыя көчөсүнөн батышка Скрябин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин Шоокум, Конорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү боюнча.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мэрия суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>