17-ноябрда интернеттин өчүшү жана эсептердин нөлдөнүшү: эксперт эмне дейт?Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери улануудаNvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг жаңжалдын фонунда кызматтан кеттиЧүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулатБишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алды
Быйыл 6 айда Кыргызстан эки өлкөгө 1,9 млн кг балык экспорттоду
08.08.2023 | 09:05
Быйыл жарым жылда Кыргызстан Казакстан менен Орусияга 1 млн 901 миң 870 кг балык экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал былтыркы жылдын 6 айына караганда 1 млн 637 миң 898 кг балыкка көп.
Белгилүү болгондой, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Чүйдүн Ысык-Ата жана Чүй райондоруна иш сапары менен барып балык чарбасы, балыкты кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышкан.
Министр азыркы тапта балыкты Кытайга экспорттоо аракеттери көрүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.
Министрлик билдиргендей, адистердин пикири боюнча Кыргызстанда балык өстүрүү тармагы тез өнүгүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз