ТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталдыАкыйкатчы институтунда аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоо чаралары талкууландыКөк-Жарда мыйзамсыз үйлөрдү курууга байланыштуу мурдагы айыл өкмөт башчы кармалды
Кадамжайда суудан бир жашар кыздын сөөгү табылды
09.08.2023 | 23:01
Кадамжайда сууга түшүп кеткен бир жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 9-август күнү Кадамжай районунун Полот-Хан айыл өкмөтүнүн Абсамат айылында А.Масалиев атындагы орто мептептин жанындагы сайдагы сууга 2022-жылы туулган Б.Я. аттуу кичинекей кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүүгө №76 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4, ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 4, жалпы 8 куткаруучу тартылды.
Куткаруучулар тарабынан наристенин сөөгү табылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом