КМШ оюндары: Кыргызстандык эки балбан коло медаль утушту

КМШ оюндары: Кыргызстандык эки балбан коло медаль утушту

Беларустун Солигорск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Мухамадрасул Салиев жана Абдымалик Карачов коло медаль жеңишти.

Мухамадрасул Салиев коло үчүн кармашта армениялык Нарек Акобян менен кездешип, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Спортчу 57 кг чейинки салмак категориясында катышты.

Ал эми Абдымалик Карачов 61 кг чейинки салмак категориясында катышты. Мелдештин 4/1 финалында өзбекстандык спортчуну 7:4 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда россиялык балбан Александр Сабанов менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.

Коло үчүн мелдеште кыргыз балбаны түркмөн спортчусу Желалетдин Сеидов менен күч сынашып, бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде коло медалды илип кетти.

Буга чейин аталган оюндарда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча спортчулары 1 күмүш жана 5 коло медаль багындырса, оор атлетчи коло медалга татыган.

Эскерте кетсек, Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда. Мелдеш 14-августта жыйынтыкталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>