Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди
Кыргызстандын жараны чек арадан 147 млн теңге менен кармалды
15.08.2023 | 19:01
Кыргызстандан коңшу Казакстанга ири суммадагы акча каражатын алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, чек арачылар “Ак-Жол-автожол” бекетинен Кыргызстандын 1994-жылы туулган Ж.Н., аттуу жаранын кармашкан. Анын сумкасынан чет элдик валюта – болжол менен 147 млн казак теңгеси табылган. Ал акча каражаттарын коштоочу документтери жок чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран мындан аркы териштирүү иштери үчүн аймактык компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом