Кыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөтСадыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолуктуПрезиденттике дагы бир талапкер: Акай Кыдыров БШКга арыз бердиМыйзам бузуулар тууралуу билдирүүгө болот: ИИМ «Мыйзамбек» ботун ишке киргизди
Ысык-Көлдө жер титиреди
15.08.2023 | 19:27
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 15:36да өлкөнүн Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Светлая Поляна, Ырдык, Мундуз, Тилекмат, Кызыл-Суу, Оргочор, Чоң-Кызыл-Суу, айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар