Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык кармалды (видео)

Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык кармалды (видео)

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Б.Б. уулу аттуу шектүү Нарын облусунун тургуну болуп саналат. Ал 2022-жылы 22-февралда Россияга иштөөгө барып, кийин кылмыш жасагандыгы үчүн абакка кесилген. Ал абакта отурган учурда түрмөдөгү жарандарды согушка тарткан Россиядагы «Вагнер» жеке аскер компаниясы менен келишим түзүп, Украинадагы согушка Россия тарапта катышкан.

Ал Кыргызстанга кайтып келгенден кийин 1-августта УКМК тарабынан кармалган. Учурда анын иши сотко өткөрүлгөн.

УКМК Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Мыйзамга ылайык, чет жердеги согуштарга катышкан жарандарга мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын жараны Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалып, соттолгон учур болгон. Быйыл 12-январда 31 жаштагы Аскар Кубанычбек уулу согушка катышканы үчүн кармалган. Кийинчерээк ал 10 жылга соттолгон.

Былтыр 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет.

Кийинчерээк Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандары да катышып жатканы белгилүү болгон. Ага байланыштуу Кыргызстандын укук коргоо органдары чет жердеги, анын ичинде Украинадагы согушка катышкан өлкө жарандары мыйзам чегинде жоопко тартыларын бир нече жолу эскерткен.

Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон кыргызстандыктын маеги

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>