АКШга “виза алып берем” деп алдап кеткен шектүү кармалды

28.08.2023 | 16:45

Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы милицияга шаар тургуну кайрылып, 2019-жылы күзүндө бир жаран “АКШга виза алууга жардам берем” деп ири суммада акча алып, алдап кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.

Шектүү быйыл август айында Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон Токмок шаарынын 1980-жылы туулган М.А. аттуу тургуну болуп чыккан.

“Анын кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар. Алдамчылык жол менен жарандардын ири суммадагы акчасын жана мүлктөрүн ээлеп алгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган”, – деп айтылат маалыматта.

Соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top