АКШга «виза алып берем» деп алдап кеткен шектүү кармалды

АКШга «виза алып берем» деп алдап кеткен шектүү кармалды

Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылы милицияга шаар тургуну кайрылып, 2019-жылы күзүндө бир жаран «АКШга виза алууга жардам берем» деп ири суммада акча алып, алдап кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.

Шектүү быйыл август айында Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон Токмок шаарынын 1980-жылы туулган М.А. аттуу тургуну болуп чыккан.

«Анын кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы бар. Алдамчылык жол менен жарандардын ири суммадагы акчасын жана мүлктөрүн ээлеп алгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>