Трамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирдиЖашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жеттиКыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратыштыКыргызстандык аскерлер Өзбекстанда «Бирлик-2025» машыгуусуна катышатБалыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылдыСоода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
“Барселона” футбол клубунун жетекчиси Кыргызстанга келди
28.08.2023 | 19:13
“Барселона” футбол клубунун жетекчиси Жоан Лапорта Кыргызстанга келди. Конокту тосуп алууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыков катышты.
Жоан Лапорта Бишкектеги “Барса” футбол академиясынын курулушуна капсула салууга катышат.
Иш-чарага президент Садыр Жапаровдун жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн футбол федерацияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.
Буга чейин Бишкекке “Барселона” футбол командасынын капитаны Карлес Пуйоль келген. Эске салсак, 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадионунда «Барса» клубунун легендарлуу футболчулары менен Азиянын жолдоштук беттеши болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт