Акыйкатчы Сахароводо камакта болгон кыргызстандыктар менен жолукту

Акыйкатчы Сахароводо камакта болгон кыргызстандыктар менен жолукту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россиянын Москва облусунун Сахарово кыштагындагы Россия Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекемеде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да убактылуу кармалып турат.

«Мекемеде акыйкатчы Россиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту. Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын кабыл алып, алардын кармоо шарттары менен таанышты.

Акыйкатчы барган учурда атайын мекемеде бардыгы болуп Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду. Акыйкатчы институтунун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришти», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле айрым жарандар акыйкатчыга өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылып, Жаманбаева аларды жеке көзөмөлүнө аларын убадалаган.

«Жамиля Жаманбаева аталган арыздар Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту жана Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматы тарабынан  биргелешип карала турганын белгиледи. 

Иш материалдарына ылайык, Кыргызстандын жарандары аталган мекемеде негизинен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган үчүн кармалышууда. Кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар», — деп билдиришти Акыйкатчы институнан.

Жаманбаева Акыйкатчы институтунун мандатына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, тигил же бул жагдайлардан улам атайын мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча бардык чараларды көрөрүн белгилеген.

Андан кийин Жаманбаева Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго барып, чет элдик жарандардын документтерин кабыл алуу шарттары менен таанышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Акыйкатчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>