Кыргызстандын каратэ шотокан боюнча курама Венгрияда өткөн дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кыргызстандык спортчулар дүйнө биринчилигинде 5 алтын, 3 күмүш, 5 коло уткан. Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, 50 мамлекеттен 1000ден ашык спортчу катышкан.
Алтын медалдын ээлери:
- Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);
- Максат Батырбеков , (15-17 жаш, командалык беттеш);
- Адилхан Монолдоров (15-17 жаш, командалык беттеш);
- Эльмырза Байышов (15-17 жаш, командалык беттеш);
- Самуил Койчубеков (15-17 жаш, командалык беттеш);
Күмүш медалдын ээлери:
- Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш, ката);
- Элмырза Байышов (14-15 жаш, ката);
- Элмырза Байышов (14-15 жаш, кумитэ);
Коло медалдын ээлери:
- Имран Абдугуламов (12 жаш, кумитэ);
- Айдар Жолчиев (12-13 жаш, кумитэ);
- Фарух Акбаралиев (18-19 жаш, кумитэ);
- Абдибек Апсатаров (20-39 жаш, -65 чейинки салмакта, кумитэ);
- Самарбек Дөөлөтбаев (20-39 жаш, -85 кг салмакта, кумитэ).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз