Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Оштогу аэропортто 35 кг алтын ташып келгендер кармалды
29.08.2023 | 15:04
Оштогу аэропортто, алдын ала маалымат боюнча, 35 кг алтын ташып келгендер кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.
35 кг алтын зер буюм же алтын түрүндө ташылып келгени азырынча так маалым эмес.
Алтынды мыйзамсыз ташып келүүгө шектелгендер ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кийинчерээк иштин материалдары ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
ИИМдин басма сөз кызматы аталган факт боюнча расмий маалымат бере элек. Маалыматты Тергөө кызматынан тактап берерин билдиришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз