Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыкты
УКМК активист Төрөкулованын кармалышы боюнча үн катты
11.09.2023 | 17:34
УКМК активист Зарина Төрөкулованын кармалышы боюнча үн катты.
Эскерте кетсек, буга чейин Төрөкулова УКМК тарабынан кармалганы тууралуу кабарланган.
УКМКнын маалыматы боюнча, Зарина Төрөкулова өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнө (массалык баш аламандыктар) туура келген чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жарыялаган деп шектелүүдө.
УКМК кызматкерлери аны шектүү катары кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алган.
9-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Зарина Төрөкулованын бөгөт чарасы каралып, ал 30-октябрга чейин камалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Зарина Төрөкулова “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу бийликке сын айтып келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом