ШКУ саммити жана ДКО учурунда 15 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти сактайтВектордук Кырчын: Көчмөндөр оюндарынын коноктору үчүн World Nomad Games тиркемеси кандай иштейт?«Экономика жетим баладай болчу»: Акылбек Жапаров Кыргызстандын 2050-жылга чейинки өнүгүүсү тууралууСадыр Жапаров Монголиянын жана Казакстандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алдыСи Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет«Манас» эл аралык аэропортунда төртүнчү телетрап орнотулду
УКМК активист Төрөкулованын кармалышы боюнча үн катты
11.09.2023 | 17:34
УКМК активист Зарина Төрөкулованын кармалышы боюнча үн катты.
Эскерте кетсек, буга чейин Төрөкулова УКМК тарабынан кармалганы тууралуу кабарланган.
УКМКнын маалыматы боюнча, Зарина Төрөкулова өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнө (массалык баш аламандыктар) туура келген чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жарыялаган деп шектелүүдө.
УКМК кызматкерлери аны шектүү катары кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алган.
9-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Зарина Төрөкулованын бөгөт чарасы каралып, ал 30-октябрга чейин камалган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Зарина Төрөкулова “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу бийликке сын айтып келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом