Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшерди
Нарындын Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакча салына баштады
15.09.2023 | 09:01
Нарын районунун Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакча салына баштады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Буга чейин айылда өзүнүн имараты жок болгондуктан 25 орундуу “Ак-Кудук келечеги” бала бакчасы менчик үйлөрдү ижарага алып, иштеп келген. Ага байланыштуу аталган бала бакча үчүн 50 орунга ылайыкталган имарат куруп берүү каралган.
Бала бакчаны курууга 28 млн сом кетет деп эсептелген. Анын 8 млн сомун “Кумтөр Голд Компани” ишканасы бөлүп берүүдө. Ал акчага имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылат. Калган каражатты табуу жолдору каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом