Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Нарындын Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакча салына баштады
15.09.2023 | 09:01
Нарын районунун Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакча салына баштады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Буга чейин айылда өзүнүн имараты жок болгондуктан 25 орундуу “Ак-Кудук келечеги” бала бакчасы менчик үйлөрдү ижарага алып, иштеп келген. Ага байланыштуу аталган бала бакча үчүн 50 орунга ылайыкталган имарат куруп берүү каралган.
Бала бакчаны курууга 28 млн сом кетет деп эсептелген. Анын 8 млн сомун “Кумтөр Голд Компани” ишканасы бөлүп берүүдө. Ал акчага имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылат. Калган каражатты табуу жолдору каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом