Бишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?
Парламент комитети вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырды
04.02.2020 | 15:14
Бүгүн, 4-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аларды парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.
Эки кызматка талапкерлерди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.
«Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», – деди ал.
Асрандиевдин талапкерлиги экономикалык тармакты тейлеген Замирбек Аскаровдун ордуна каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат