«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Депутат Сөгөт айылындагы башталгыч мектепке унаа тапшырды
02.10.2023 | 21:05
Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков “Ак-эмгегим элиме” программасынын алкагында Манас районундагы Сөгөт айылында “Сөгөт” атындагы башталгыч мектебине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто унаасын белек кылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул демилге жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына жооп болду, анткени буга чейин окуучулар коңшу айылдын мектептерине күн сайын 6 км жөө басып барууга мажбур болушкан.
Жергиликтүүлөр жаңы унаа окуучуларды жамгырдан сактап, чыгармачылыкка, билимге жол ачарын белгилешип, депутатка ыраазычылыктарын билдиришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар