Ошто өспүрүм кутурмадан каза болду

Ошто өспүрүм кутурмадан каза болду

Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусунан каза болду. Маалыматты Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директору Сталбек Бердиев тастыктады.

Ал диагноз клиникалык, симптомдордун негизинде коюлганын белгиледи. Баланын ата-энеси экспертизадан баш тарткандыктан, лабораторияда аны ырастоо же төгүнгө чыгаруу мүмкүн эмес.

Сталбек Бердиев белгилегендей, бала жайкы каникулда Өзгөн районундагы туугандарына барганда аны ит тиштеп алган. Алар өз убагында дарыгерлерге кайрылышкан эмес, кутурмага каршы эмдөө алышкан эмес.

«Кутурма оорусунун белгилери пайда болгондо гана дарыгерлерге кайрылышкан. Бала ооруканага жаткырылып, бир нече күндөн кийин каза болгон», — деди борбордун директору.

Ал жаныбар тиштегенден кийин сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылып, кутурмага каршы эмдөөдөн өтүү керектигин эскертти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кутурма Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>