Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Баткендин тургунуна Тажикстанга өтүп кеткен малы кайтарылды
03.10.2023 | 18:00
Баткен милиция кызматкерлери 10 баш кою Тажикстанга өтүп кеткен жаранга малын кайтарып берди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Дөбө айылынын 53 жаштагы тургунунун 10 баш кою 3-октябрда Таджикстандын Согд облусунун Лаккан айылына өтүп кеткен.
“Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коңшулаш тажик кесиптештери менен өз ара сүйлөшүп, чек арадан өтүп кеткен 10 баш кой кайра Кыргызстанга өз ээсине кайтарылды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом