Токой кодексин 16 жаңы аныктама менен толуктоо сунушталууда

Токой кодексин 16 жаңы аныктама менен толуктоо сунушталууда

Бүгүн, 3-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган айыл чарба министринин биринчи орун басары Мурат Раматов белгилегендей, мыйзам долбоору токойлорду башкаруунун ченемдик укуктук жана институционалдык негиздерин өркүндөтүү, ошондой эле Токой кодекси менен КРнын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосундагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору ошондой эле токойлорду кыйла натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, токойлорду туруктуу башкаруунун, контролдоонун жана коргоонун заманбап жана прогрессивдүү механизмдерин киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Муну менен катар Токой кодекси “токой экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрү”, “токойду коргоо”, “плантация”, “токой өстүрүү” жана башка ушул сыяктуу 16 жаңы аныктама менен толуктоо сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Акбөкөн Таштанбеков Токой кодексине сунушталып жаткан түшүнүктөр боюнча маселени көтөрдү. Ал эми эл өкүлү Жалолидин Нурбаев токойлорду инвентаризациялоо боюнча суроолорду узатып, токой фондунун жалпы аянтын тактоо керектигин белгиледи. Өз кезегинде депутат Нурбек Алимбеков токойлорду сактап калуу жана калыбына келтирүү, ФАО программаларынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы маселелерге токтолду. Мындан тышкары, депутат Айбек Алтынбеков токой фондунун аймагында жашаган элден чөп чабык, мал жаюу үчүн акы албоону сунуштады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>