Азия оюндары: Шаршенбеков менен Махмудовдун биринчи атаандаштары белгилүү болду

Азия оюндары: Шаршенбеков менен Махмудовдун биринчи атаандаштары белгилүү болду

Эртең, 4-октябрда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталат.

Мелдештин биринчи күнүндө 60, 67, 77 жана 87 кг салмакта балбандар күч сынашат. Кыргызстандын атынан аталган салмактарда Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Атабек Азисбеков таймашка чыгат.

Шаршенбеков беттешин 1/8 финалдан баштап, биринчи атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болот.

Ал эми Раззак Бейшекеев чейрек финалдан баштап күрөшөт. Анын атаандашы тажикстандык Фируз Мирзоражабов менен япониялык Кацуаки Эндонун ортосундагы беттеште аныкталат.

Махмудов да беттешти чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында камбожалык Сопхак Кео менен кез келет.

Атабек Азисбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда өтүп, ал ирандык Насер Ализаде менен күрөшөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 08:00до башталат.

Эскерте кетсек. Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча таймаштар 4-7-октябрда болуп өтөт. Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер олимпиадалак салмак категориясы боюнча өткөрүлөт: грек-рим күрөшү – 60, 67, 77, 87, 97, 130 кг, эркин күрөш – 57, 65, 74, 86, 96, 125 кг жана кыз-келиндер күрөшү – 50, 53, 57, 62, 68, 76 кг.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>