Психотроптук дарыларды ташып келип, сатып жүргөн. Бишкекте фармацевт кармалдыШайлоо алдында айрым талапкерлер Өкмөт аткарган иштерди өзүнө ыйгарып жатат – администрацияЭнергетика министри: Кышка толук даярбыз деп айтуу туура эмесУлуттук Банк миң тонна алтынды сактай турган чоң кампага ээ болду — президентАлдын ала көзөмөл: Кыргызстанда баңгизаттарды эрте аныктоо системасы ишке киргизилдиМыйзамга кол коюлду. 2026-жылдан тартып көп балалуу энелерге бир жолку жөлөкпул берилет
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын алтыны үчүн күрөшөт
06.10.2023 | 11:34
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты. Ал 76 кг салмакта күч сынашууда
Бүгүн, 6-октябрда таймашка чыккан Айпери Медет кызы биринчи беттешинде кытайлык спортчуну 2:1 эсебинде утту.
Чейрек финалда ал вьетнамдык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Ал эми жарым финалда Айпери Медет кызы Кытайлык Тайбейдин спортчусу менен беттешип, аны да мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Эми алтын үчүн беттеште ал казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз