Азия оюндары: Тыныбекова чейрек финалда «эзелки» атаандашына жеңилди

Азия оюндары: Тыныбекова чейрек финалда «эзелки» атаандашына жеңилди

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалында атаандашына жеңилди.

Тыныбекова бүгүн, 6-октябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде ал таиланддык Салини Шрисомбат менен кез келип, 14 секундда атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда ал япониялык Нонока Озаки менен күрөшүп, жеңилүү ызасын тартты. Беттеш 1:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Эми япониялык спортчу финалга чыкса, Тыныбекова көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алат. Көңүл жубатуучу кармашты уткан балбан коло үчүн күрөшөт.

Эскерте кетсек, Нонока Озаки жаш спортчу экенине карабай Айсулуу Тыныбекованын эл аралык мелдештердеги башкы жана «эзелки» атаандаштарынын бирине айланды. Буга чейин Тыныбекова менен Озаки 4 жолу беттешкен. Алардын экөөндө Тыныбекова жеңүүчү болсо, экөөндө Озаки уткан.

Биринчи беттеш 2021-жылы Ослодогу дүйнө чемпионатында өткөн. Анда эки спортчу биринчи беттеште кез келип, Айсулуу Тыныбекова атаандашынан күчтүү чыккан. Андан кийин алар 2022-жылы Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, Нонока Озаки чемпиондук наамды утуп алган. Үчүнчү беттеш ошол эле жылы Сербиядагы дүйнө чемпионатынын жарым финалында болуп, анда да япониялык спортчу жеңишке жеткен.

Бүгүнкү Азия оюндарындагы кармаш эки балбан кыздын бешинчи беттеши болуп калды.

Быйыл Азия чемпионатынын жарым финалында эки балбан төртүнчү беттешин өткөрүп, анда Айсулуу Тыныбекова реванш алып, япониялык балбан кызды жеңген. Ошондой эле Тыныбекова финалда да жеңишке жетип, бешинчи ирет Азия чемпиону атанган.

Эки балбан кыз тең быйыл Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде дүйнө чемпиону болушкан. Тыныбекова (62 кг) үчүнчү ирет дүйнө чемпиону наамына татыса, Озаки (65 кг) экинчи жолу дүйнө чемпиону атанды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>