Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Репрессия курмандыктарын жана басмачыларды актоо мыйзам долбоору жактырылды
10.10.2023 | 11:52
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери комитети бүгүнкү жыйында саясый репрессия курмандыктарын жана басмачыларды актоо боюнчча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Долбоордун авторлорунун бири Жанар Акаев 1918-1953-жылдардагы репрессия курмандыктары боюнча комиссия түзүүнү сунуштайт. Анын маалыматында, совет мезгилинде 40 миңге жакын адам репрессияга кабылган. Комиссия жогоруда көрсөтүлгөн мезгилдерге тиешелүү ар кандай архивдик материалдар менен тоскоолдуксуз таанышуу укугуна ээ болот.
«Саясый репрессия курмандыктарын актоо жагынан биз кошунулардан артта калып жатабыз. Өзбекстан менен Казакстанда президенттин буйругу менен басмачылар акталууда”, – дейт Жанар Акаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом