УКМК «Мадина» базарынын ээси эмнеге кармалганын айтты

УКМК «Мадина» базарынын ээси эмнеге кармалганын айтты

УКМК «Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимовдун кармалышы боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, 4-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 267-берененин 2-бөлүгү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 жана 18-пункттары (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, иликтөө учурунда кылмыштуу топко кирген 20дан ашык адам кармалган. Алардын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана анын кол алдындагы адамдар тарабынан опузалооо жана рейдерлик басып алуу жолу менен табылган байлыгын адалдаштырууга катыштыгы болгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган ишке Турсунтай Салимовдун да катыштыгы бар болгон. Ал мурдагы жана учурдагы кримтөбөлдөр менен тыгыз байланышта болуп, каржылык жактан колдоо көрсөтүп турган.

УКМК билдиргендей, Салимов Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна демөөрчүлүк кылып, «общакка», кылмыш жообунан качуу үчүн укук коргоо органдарындагы жана мамлекеттик кызматтагы коррупциялашкан кызмат адамдарды, сотторду «сатып алуу» үчүн акча берип турган. Ошондой эле Салимов Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы абакта отурган адамдарга «грев» жөнөтүп турган.

Маалыматка ылайык, Турсунтай Салимов «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев жана анын кылмыштуу байланыштарын өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп, алар аркылуу өзүнүн бизнестеги атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп, кысым көрсөткөн. Ошондой эле ал аталган жол менен башка адамдардын активдерин жана бизнес долбоорлорун тартып алган болушу мүмкүн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 9-октябрда Салимовго Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча айып тагылып, ошол эле күнү Биринчи май райондук соттун чечими менен ал 4-декабрга чейин камакка алынган.

УКМК учурда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүп жатканын эскертип, анын жыйынтыгы боюнча коомчулукка маалымат берилип турарын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>