Футбол: Кыргызстандын курамасы Бахрейнге алтынчы ирет жеңилди

13.10.2023 | 09:45

Кыргызстандын футбол курамасы 12-октябрда Бахрейн менен болгон жолдоштук мелдеште 2:0 эсебинде утулду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш Бахрейндин борбору Манама шаарында өткөн. Оюндун биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктаган. Бирок экинчи бөлүктө “ак шумкарлардын” атаандаштары 2 гол киргизип, жеңишти илип кеткен.

Кыргызтан менен Бахрейндин курамалары буга чейин жалпы 7 беттеш өткөргөн. Алардын бешөөсүндө Бахрейн, бирөөсүндө Кыргызстан уткан. Бир оюн тең чыгуу менен аяктаган.

Кыргызстан 12-октябрдагы оюндагы жеңилиши менен Бахрейнге алтынчы ирет утулуп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top