Көлбаевдин тобундагы «Казбек кара» эки айга камалды

Көлбаевдин тобундагы «Казбек кара» эки айга камалды

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна кирген «Казбек кара» каймана аты менен таанымал Казбек Билалов 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоодо болот. Бул тууралуу Reporter.kg’ге  Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Казбек Билалов Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Бишкектен кармалган.

Казбек Билалов буга чейин бир нече жолу тоноо жана акча талап кылуу айыбы менен сот жоопкерчилигине тартылган. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал 90-жылдары кримтөбөл Азиз Батукаевдин тобуна кирген. 2011-жылы Москвага барып, ал жакта иштеген кыргыз ишкерлерин тоноп, коркутуу менен акча чогултуп жүргөн. 2017-жылы Россияда ага каршы иш козголуп, камоого алынган.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>