КРСУ жана «Газпром-Медиа» жеке бренд жана медиакоммуникация боюнча курсту ишке киргиздиБишкекте алгачкы фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушу башталдыЖКда үч жылга соттолгон балдар нефрологунун ишин кайра кароо сунушталды«Кыргызстан Кореяны артыкчылыктуу өнөктөш катары карайт»: Садыр Жапаров президент Ли Чжэ Мён менен жолуктуМектеп окуу китептеринин базарларда сатылышы боюнча текшерүү башталдыБаткенде мыйзамсыз лотерея уюштурган шектүү кармалды
Ошто мамтил мыйзамынын сакталышы боюнча рейд өттү
13.10.2023 | 09:00
12-октябрда Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарынын сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Рейд учурунда А. Масалиев көчөсүндө жайгашкан дүкөн-күркө, сулуулук салондору жана башка обьекттер текшерүүгө алынган. Мэрия кызматкерлери тарабынан буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген жарнамалар алынган.
“Мындан ары эскертүү берилген, бирок талапты аткарбагандар үчүн катуу чаралар көрүлөт. Рейд иштери уланат”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом