Барскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрейТүркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык мушкерлер эки алтын, бир күмүш медаль жеңиштиКыргызстан эл аралык каржы институттарынан 959 млн долларга чейин каражат тартууну пландаштырууда
Суррогат энеликти жарнамалоого тыюу салуу сунушталды
16.10.2023 | 12:11
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев суррогат энеликти жарнамалоого тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда катталбаган клиникаларга суррогат энелерди издөөгө бөгөт коюу зарыл. Депутаттын демилгеси кыргызстандык аялдардын укугун коргоого багытталат.
“Иран, Кытай жарандары келип, Кыргызстанда акчага муктаж аялдарды суррогат эне болууга үндөшөт. Анан аларды Кипр, Грузияга алып чыгып кетет. Ал жакта кокус боюнан түшүп калса, эч нерсе төлөп беришпейт”, – дейт Дастан Бекешев.
Депутат демилгесин «Коомдук саламаттык жөнүндө» мыйзам долбооруна сунуштайт.
Мыйзам долбоор бүгүн парламентте экинчи окууда каралат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом