Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев милиция кыйноо көрсөткөнүн билдирди

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев милиция кыйноо көрсөткөнүн билдирди

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, айыпталуучу көрсөтмө берди.

Ашыралиев көрсөтмө берип жатып, милиция кармагандан кийин тергөө амалдары учурунда кыйноо көрсөткөнүн билдирди. Анын айтымында, милиция ага кылмышты мойнуна алдырып, көрсөтмө берүүсү үчүн уруп, башына баштык кийгизип, физикалык жана моралдык кысым көрсөткөн. Көрсөтмө бербесе аялын суракка алып, 48 саатка камай тургандарын, балдары тууралуу ММКларга чыгарабыз деп коркутушкан.

Анын айтымында, милиция анын башына баштык кийгизип, кыйнаганда, эсин жоготуп койгон учурлар болгон. Ал эсине келгенде милиция кызматкерлери ага арак берип, ал жарым бөтөлкөдөй арак ичкен. Кийин экспертиза жасалганда, анын жыйынтыгы ичимдик ичкенин көрсөткөн.

Ашыралиев билдиргендей, тергөө амалдары учурунда милиция кызматкерлери ага кылмышты кандай жасаганы тууралуу айтып берип, кысым көрсөткөндүктөн аларды жетегинде калып, көрсөтмө берген. Азыр алгачкы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартарын айтты.

Ал билдиргендей, тааныштары да кылмышты мойнуна алууну сунуштагандан улам кылмыш жасаганын моюндаган. Бирок кылмышты ким жасаганын билбей турганын, аны өзү да билгиси келерин кошумчалады.

Ошондой эле 3 адамды ким өлтүргөнү тууралуу суроого жооп берип жатып, окуя үзүл-кесил эсинде калганын, эсинде так эч нерсе жок экенин, А. Канзаманованы кызы же ал өзү өлтүргөн болушу мүмкүн экенин, бирок кыз менен баланы ал өлтүрбөгөнүн билдирди.

Ал билдиргендей, тааныштары да кылмышты мойнуна алууну сунуштагандан улам кылмыш жасаганын моюндаган.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>