Мэрия кыйылган бактарды муктаждарга отун катары таркатууда“Алтын Казык” ноутбуктары даяр болуп, аймактардагы мугалимдерге жеткириле баштадыМатраимовдун өкүл баласынын кармалышы. Коркунучтуу байланыштардын учу кайда барат?Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулатБишкек мэри базарларда текшерүү иштерин жүргүздүБишкекте “Кыргызстан ЭКСПО 2025” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт
U-23: Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында коло утту
26.10.2023 | 08:59
Эркин күрөш боюнча спортчу Бекзат Алмаз уулу 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байге тагынды.
57 кг салмакта күрөшкөн кыргызстандык балбан 24-октябрда беттештерин баштаган. Ал алгачкы эки беттешинде атаандаштарынан күчтүү чыгып, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Бекзат Алмаз уулу жеңилүү ызасын тарткан.
Жыйынтыгында кыргызстандык балбан коло байге үчүн күрөшө турган болгон.
25-октябрда ал үчүнчү орун үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңип, коло медаль утту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз