Туунун артынан өлкөнүн аталышын өзгөртүү сунушталууда

Туунун артынан өлкөнүн аталышын өзгөртүү сунушталууда

Өлкөнүн аталышын “Манас-Кыргыз Республикасы” деп өзгөртүү сунушталууда. Аны «Өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо» саясий партиясынын төрагасы Акбаралы Айтикеев демилгеледи.

Ал бул сунушун президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолдоду.

“Мен бул демилгени 10 жыл мурда конституциялык кеңештин жыйынында көтөргөм. Мамлекетибиз Манас менен миң жылдап түбөлүк сакталат. Мамлекетибиз Манас – Кыргызстан жана Манас – Кыргыз Республикасы – деп жаңыча аталышы керек. Чыныгы күчтүү биримдик, ырыс алды – ынтымак менен элдин бай жашоосу башталат”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев фарс тилиндеги “стан”  мүчөсүнөн арылып,  “Кыргыз Эли”, же “Кыргыз каганаты” деп атоого чакырган. «Кыргыз Эл» деп өзгөртүүнү мурдагы элчи Кылычбек Султан дагы көтөрүп чыккан.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примовдун көтөрүп чыккан. Алар бул үчүн мыйзам долбоорун да даярдаган. Эки депутат Кыргызстандын туусундагы түндүк менен толкун сымал күндүн нурларынын айкалышын күн караманын гүлүнө же бөз үйдүн сырткы көрүнүшүнө салыштырган чечмелөөлөр бар экенин билдирип, күндүн нурларын түз кылып өзгөртүү сунуштаган.

Кечээ президент Садыр Жапаров төраганын сунушун колдорун билдирди.

Садыр Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси боюнча өз оюн айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>