Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачат
Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти менен жолукту
02.11.2023 | 09:05
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы талкууланган.
“Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Жээнбек Кулубаев 1-ноябрда Ашхабадда өткөн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги «Борбор Азия – Корея Республикасы» форумуна катышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом