Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкектин мурдагы мэри Ысык-Көлгө жетекчи болуп дайындалды
10.11.2023 | 17:29
Президент Садыр Жапаров Францияда жүрүп өзүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетовду кызматтан алды. Бул туууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган облустун жетекчиси башка ишке которулат.
Белгилей кетсек,Илияз Иманбетов 2022-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлгө жетекчи болуп дайындалган. 4-июлда Садыр Жапаров ага аймакты туристтик сезонго даярдык иштериндеги чабалдыктар үчүн сөгүш жарыялаган.
Анын ордуна Ысык-Көл облусун жетектөөгө Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Ал бир нече күн мурда Бишкек шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Ал 65 жашта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом