Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Баткенде көмүр өндүргөн ишканалар бюджетке 87 миллион сом төктү
10.11.2023 | 18:04
Мамлекетттик бюджетине жалпы суммасы 87 миллион 169 миң сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Сүлүктү шаарында көмүр өндүргөн саткан ишканалардын ишмердигине байланыштуу “Коррупция” беренеси менен иш козголот. Анын алкагында бажы органдарынын жооптуу кызматкерлери, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен бөлүмүнүн жетекчиси жана ошондой эле ишкерлер болуп 5 адам айыпталып, камакка алынган.
Сүлүктүдө көмүр өндүргөн 29 компаниянын төлөгөн салыктары текшерилип, алардын 216 млн 809 миң 62 сом салыктан качканы аныкталды:
- «Нур» ЖЧКсы – 63 376 640 сом;
- «Нуркен» ЖЧКсы- 11 922 801 сом;
- «Рио Групп» ЖЧКсы -27 608 456 сом;
- «Кен Ордо» ЖЧКсы – 21 823 091 сом;
- «Ахмат Кен» ЖЧКсы – 5 759 095 сом;
- ЖИ «А.А.Мадаминов»- 3 140 396 сом;
- ЖИ «Асанов Б.Б.»- 9 780 545 сом;
- «Али-Экспо» ЖЧКсы- 6 068 950 сом;
- «Ак-Булак Көмүр» ЖЧКсы – 16 987 762 сом;
- «Халил-Имран» ЖЧКсы – 16 617 857 сом;
- «Имамидин Экспорт» ЖЧКсы – 7 174 727 сом.
Учурда беш ишканадан 87 миллион сом өндүрүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом