Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин лидеринин аты берилди
10.11.2023 | 16:46
Ысык-Көлдөгү № 354 аты жок мөңгүгө шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын аты ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын аты берилген мөңгү Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан.
Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти болгон. Ал 1918-жылы төрөлүп, 2004-жылы көз жумган. 1971-жылдан 2004-жылга чейин өлкөсүн жетектеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом