Көптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон колдонулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталдыКыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок – Ташиев
Оштун депутаттары Бакыт Жетигеновго ишенбестик көрсөттү
14.11.2023 | 12:13
Ош шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында 4 фракциясы мэр Бакыт Жетигеновдун ишине сын айтып, ага ишенбестик көрсөтүүнү сунушташты.
Алардын айтымында, мэрия кеңештин токтомдорун аткарбай жатат.
Жыйынтыгында мэрге ишенбестик көрсөтүү сунушун 42 депутаттын 38и колдоду.
Мэрия депутаттардын чечимине дароо жооп берди.
“Мэрия шаардык кеңештин токтомдорун 95% аткарды. Жыйында мэрдин орун басары Замир Юсупов сөз сураганда, депутаттары аны угуудан баш тартышты”, – деп жазды муниципалитет өзүнүн социалдык баракчасына.
Бакыт Жетигенов 2022-жылдын ноябрь айында шаарга жетекчи болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, облус башчыларын, район акимдерин жана республикалык, облустук маанидеги шаар мэрлерин президент кызматка коюп, бошотот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом