Эң бай адамдардын бири тойдогу ысырапкорчулукка каршы чыкты

Эң бай адамдардын бири тойдогу ысырапкорчулукка каршы чыкты

Белгилүү бизнесмен, парламенттин мурдакы депутаты Аскар Салымбеков тойлордун концепциясын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу Facebook баракчасында жазды.

Аны буга чейин үй-бүлөлүк мааракелер боюнча пикири социалдык тармакта колдоого алынган. Мындан улам Аскар Салымбеков тойлордун жаңы форматын сунуштоону туура көргөнүн белгилейт.

Анын пикиринде, коноктордун кечиккенине карабай тойду белгиленген убагында баштоо зарыл.

Коноктор үчкө бөлүп, калоо айтууга чакырылат:

— биринчи каалоо тилекти той ээси жана кудасы баардык жакын туугандары менен чыгат;

— экинчи сөз аксакалдарга берилет;

— андан кийин эки куданын достору, кошуна, тааныштары баары бир чыгып сүйлөйт.

Андан ары той акырын угулган музыка жана 2-3 ыр ырдалышы керек.

«Бул коноктор бири бири менен таанышып чер жаза сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Сый тамак тартылып бүткөндөн кийин саат 20.30 чамасында аксакалдар ак батасын берип кете беришет», — дейт ал.

Тойдун экинчи бөлүгү 21.00дө башталып, ал жаштарга арналып, түнкү 23:00 чейин уланат (ыр-бий, оюн-зоок).

Аягында той ээси өзү батасын берип жыйынтыктайт.

Аскар Салымбеков кыз узатууну үйдө өткөрүүнү сунуштайт.

«Ресторанда өткөрүнүн кажети жок. Кыз өз үйүнөн узаганы жакшы. Байыртадан эле ошондой болуп келген», — дейт ал.

Нике жигиттин үйүндө молдонун катышуусу менен кыйылат. Куда чакырууда кийит алмашуу түштөндүрүү деген ашыкча ысырап жөрөлгөнү жоюу зарыл.

Белгилей кетсек, буга чейин куудул Күмөндөр Абылов дагы тойлордун форматын өзгөртүүнү, анын убакытын кыскартууну сунуштаган. Тамада Урмат Борченов тойду үч саатка кыскартып, бешбармактан баш тартууну керектигин айтып чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>