Нарындагы фермерлер үчүн эт багытында төө багуу жаңы бизнеске айландыБаткенде 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуудаКыргызстанга инвестиция: Түркия негизги инвесторлордун арасында үчүнчү орунга чыктыМаданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдүКыргызстандын илим министри британ элчиси менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкууладыЖогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимндин жаңы варианттарын четке какты
Таштанды челектен табылган ымыркайды таенеси алып кетүүгө даяр, – Эмгек министрлиги
15.11.2023 | 21:06
Таштанды челектен табылган ымыркайды таенесине берүү каралат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас айылынын жашоочусу С.Г (таенеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген.
«Таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттарынын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт. Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган», – деп айтылат маалыматта.
Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар