Ошто арматура менен сабалган Низамов алдамчылыкка шектелип кармалды

Ошто арматура менен сабалган Низамов алдамчылыкка шектелип кармалды

Быйыл жыл башында уюшкан кылмыштуу топтордун чыры учурунда арматура менен сабалган «Коен» аты менен таанымал Майрамбек Низамов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан Reporter.kg’ге билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 18-октябрда Майрамбек Низамов Lexus ES унаасын 27 миң долларга баалап алып, акчаны 31-октябрда берүүнү убадалаган. Бирок акчаны бербей, ар кандай шылтоолорду айтып жүргөн.

Милиция аталган арыз боюнча тергөө иштерин жүргүзүп, Майрамбек Низамовду кармаган. Белгилүү болгондой, ал Lexus ES унаасын 28-октябрда башка бир адамга 25 миң долларга сатып жиберген. Ал эми акчаны өз кызыкчылыгына иштеткен. Ага Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле алдамчылык фактысы боюнча милицияга Кара-Суу районунун 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, бир адамдар 2018 жана 2021-жылы чыккан эки Kia Sorento унаасын 45 миң долларга баалап алышып, акча бергенге чейин кепилдик катары күрөөгө 60 даана iPhone 14 жана iPhone 15 телефонун таштап кеткен. Белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин алармандар акчаны бербегендиктен, унаа ээси бир телефондун кутусун ачкан. Кутунун ичинен телефон эмес, кебезге оролгон болттор чыккан. Бул ишке шектүү катары 21 жаштагы К.С. аттуу кыз киши кармалган. Ошондой эле тергөө иштери учурунда бул кылмышка Майрамбек Низамов менен дагы бир нече адамдын тиешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүү К.С.

Учурда аталган ыкма менен жасалма телефондор кайсы аймактарга таратылгандыгы боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы убакта аталган телефондор Жалал-Абад облусунан табылган.

Ош шаардык милициясы Майрамбек Низамов 2015-жылдан бери бир нече жолу соттолгонун белгилейт. Ал быйыл эле бир нече жолу шектүү катары кармалган.

Эскерте кетсек, быйыл 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө (Майрамбек Низамов) оор абалда ооруканага түшкөн. Низамов арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Низамов 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган. Ооруканадан чыккандан кийин ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Бул иш боюнча шектүү катары кримтөбөл Кадыр Досонов баштаган бир нече адам кармалып, учурда иш милицияда тергелүүдө.

Кийин август айында Майрамбек Низамов жаш жигитке бычак сайган деп шектелип кармалган. Бирок кийинчерээк жабыркаган адам тосмо арыз жазгандыктан, сот ишти жаап, Низамов кое берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>