Кеминде жылына 15 миң тоок этин өндүргөн ишкана ачылдыC5+1 форматы: Трамп Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин чакырдыАба ырайы: 27-октябрда Бишкекте күн булуттуу болотЦарикаевдин сабалышы: Күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек – мэрЭртең Бишкектин айрым бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөтБишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү кимчи фестивалы өттү
Бишкекте 12 жаштагы Вахид дайынсыз болууда
22.11.2023 | 22:26
Бишкекте 12 жаштагы Вахид дайынсыз болуп жатканын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-ноябрда баланын апасы издөөгө жардам сурап милицияга кайрылган.
Түшкү саат бирлер чамасында Вахид Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишиндеги жеке клиникадан чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул факт Ленин РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Кийген кийимдери: кара күрмө, башында кара шапка, боз шым, бутунда боз бут кийим болгон.
Өзгөчө белгилери: буту жаракат алгандыктан таяк менен басат.
Милиция Вахиддин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312-352-605, 0703-401-600, 0550-223-333, 553-102-465 же 102 телефондоруна чалууну өтүнөт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар