Эльмира Эшенкулова ЖК аппарат жетекчисинин 1-орун басары болду

Эльмира Эшенкулова ЖК аппарат жетекчисинин 1-орун басары болду

Эльмира Эшенкулова Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кол койду.

Эшенкулова Эльмира Раимжановна 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолун 1999-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинде башкы адис болуп иштөө менен баштап, 2000-жылы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Экология жана жаратылышты пайдалануу департаментинде жетектөөчү адис кызматында эмгектенген.

2005-жылдан баштап Жогорку Кеңешинин Аппаратында Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө жана Регламент жана этика боюнча комиссияда консультант, андан соң улук консультант болуп иштеген.

2008-2012-жылдары Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө улук консультант кызматын аркалаган.

2012-2015-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн эксперти, 2015-2022-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы болуп кызмат кылган.

2022-жылдын март айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы болуп иштеген.

2022-жылдын 19-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>