“Салык чектин” жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды

“Салык чектин” жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын “Чекти талап кылып-байге утуп ал” лотереясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Акылбек Жапаров лотереянын жеңүүчүлөрүн өлкө президентинин атынан жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, аларга супер байгелерди – 9 электромобиль жана  чет өлкөгө саякаттоого 2 жолдомону тапшырды.

Ал белгилегендей, өткөн жылы байге фонду 142 байгени түзсө, быйылкы жылы байгенин саны 2376 болгон.

«Республиканын калкы лотереяга активдүү катышуу менен салык маданиятын жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга жана республикалык бюджетти толтурууга салым кошууда», — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, өлкөнүн экономикасы ишенимдүү түрдө 1 триллион сомго жакындап баратат, бул салык саясатынын жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуу жүрүп жатканынан кабар берет.

«Республика боюнча колдонуудагы кассалык контролдук машиналардын саны күн сайын көбөйүп, азыр дээрлик 68 миң субъектиге жетти. Менимче бул- экономикалык патриотизм. Мамлекетке түшкөн ар бир тыйын “жакшылык айлампасында” элге кайтарылып берилет: социалдык программаларды ишке ашырууга, мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, жолдорду курууга, айлык акыны, пенсияны, жөлөк пулдарды көбөйтүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет. Казынада каражат канча көп болсо, ошончолук эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдар көбөйөт. Ар бир жаран, ар бир ишкер мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган өз милдетин так аткарса, экономикабыз өсүп, элдин бакубаттуулугу жогорулайт», — деген Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ак ниет салык төлөөчүлөргө жана ошондой эле  лотереяга катышкан активдүү жарандарга бизнес чөйрөсүнө көзөмөлдү мобилизациялоого жардам бергени үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

«Өлкөбүздө ар дайым жеңиштер болсун. Дагы бир жолу жеңүүчүлөрдү куттуктайм», — деп өз сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>