Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулатКамчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасадыИлим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалдыКаныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды«Алтын стандартка» карай жол: Япония менен Борбор Азиянын кызматташтыгы кандай өнүгүүдөБишкекте IV Элдик курултай өз ишин баштайт: Президент Садыр Жапаров катышат
59 кымбат баалуу үй. Экс-депутаттын уулу Көлбаев менен байланышка шектелүүдө
28.11.2023 | 17:06
Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сан кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышка шектелүүдө. Ага дагы кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу айыбы тагылды.
УКМКнын маалыматында, Александр Сандын бөгөт чарасы аныкталып, 4-январга чейин камакка алынды.
Мурдагы депутаттын уулу Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап жүргөнү айтылат.
УКМК билдирүүсүндө, Борис Сандын үй-бүлөсүнө “Сан-Сити” комплекси, “Золотой Дракон” рестораны, мурунку “Сан-клуб” казиносу жана Бишкекте 59 кымбат баалуу кыймылсыз мүлк таандык.
Алардын коммерциялык багыттагы мүлкү 80 миллион долларга бааланат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз