Жапаров ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздардын чек ара аралык жүгүртүүсүнө уруксат берүү тууралуу макулдашууну ратификацияладыКыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдөБишкекте эл аралык «Art-Ordo — 2025» театр фестивалы башталдыСалык кызматында 13 кызматкер жумуштан бошотулдуКыргызстан менен Словения ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдөЖаш баланын өлүмүнө себепкер болгон 17 жаштагы айдоочу бир айга камалды
Баш байге – автомобиль. Өлкөдө куран окуу боюнча сынак өтөт
04.12.2023 | 15:30
Бишкекте куран окуу боюнча республикалык сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Анда Куранды эң мыкты жаттаган жана эң уккулуктуу окуган булбул үндүү жаш карылар күч сынашат.
Муфтият мындай сынак өлкөдө биринчи жолу, Сауд Арабиянын ислам иштери боюнча министрлиги жана Кыргызстандагы элчилиги менен бирге өткөрүлүп жатканын белгилейт.
Ал «Имам Сарахсий» мечитинде 6-7-декабрь күндөрү болот. Жеңүүчүгө демөөрчүлөрдүн атынан автомобиль ыйгарылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом