Жалал-Абадда бензин жана битум чыгарган завод курулууда

12.12.2023 | 15:36

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бензин жана битум чыгарган завод курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкана чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда.

“Долбоорго Барпы айыл өкмөтүнөн 2 гектар жер бөлүнгөн. Ишкана АИ-92 жана АИ-95 бензиндерин чыгарып, битум чыгарат”, – деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, бул ишкана 2023-жылдын аягына чейин ишке кирери күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top